Menu

Атамбаев: « Кыргыз эли ата-бабаларыбыздын жана эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесин ыйык тутат»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-ноябрда,  Алмазбек Атамбаев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу кайрылуу   жолдоду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ушул жылы 7-8-ноябрда Кыргызстанда алгачкы жолу Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленип жатат.

Бүткүл өлкө боюнча көп улуттуу кыргыз элинин жашоо-турмушундагы маанилүү тарыхый окуяларына, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүүгө арналган иш-чаралар өтөт.

Өкмөткө тарыхый эстеликтерди реконструкциялоо жана көркүнө келтирүү, элибиздин өнүгүүсүнүн өзөктүү этаптарын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча тийиштүү иш-чараларды иштеп чыгуу тапшырылды. Анын ичинде Улуу Кыргыз каганаты калыптанган жана гүлдөп өнүккөн мезгил, карахандар доорундагы кыргыздардын жашоо-турмушу, жунгар жапырыгы жана Кокон хандыгынын баскынчылыгы учурунда элдин башынан өткөн кыйынчылыктары, ошондой эле Россия элдери менен жөнөкөй эмес, бирок үзүрлүү жана кыргыз мамлекетинин кайра жаралышына алып келген биргелешкен тарыхы да бар. Эгемендүү Кыргызстандын акыркы 26 жылдагы драматизмге жана тагдыр чечүүчү окуяларга жык толгон соңку жаңы тарыхын изилдөө да абдан маанилүү.

7-ноябрда Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 100 жыл толот. 1917-жылы Россияда болгон окуялардын, Февраль, андан соң Октябрь революцияларынын мааниси, алардын дүйнөлүк тарыхка, анын ичинде Кыргызстандын тарыхына тийгизген таасири баа жеткис.

Совет мезгилиндеги жетишкендиктер биздин өлкөдө Октябрь революциясына болгон оң мамилени калыптандырды, Кыргызстандын жана Россиянын тилектеш элдеринин ортосундагы достукту бекемдеди. Бул достук Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында, ошол учурдагы жалпы Мекенибиз болгон Советтер Союзу үчүн бирге салгылашкан кезде, айрыкча даана көрүндү.

Кыргыз эли ата-бабаларыбыздын жана бүгүнкү бакубат турмушту негиздеген, элибиздин атын жана байыркы тилибизди кылымдар бою сактап келген, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесин ыйык тутат.

Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечектеги өнүгүүнүн багыттарын туура аныктап, болочок муун үчүн бекем негиз түзүп, азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат.

Өткөн жолун унуткан эл келечекке жол таппайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: