Menu

Казакстанда мектептеги жоолукчан кыздардын укугун коргогон ата-энелер сотко кайрылышты

Бөлүшүү:

Орол шаарынын эки орто мектебинин төрт окуучусунун ата-энелери  кыздарын мектепке киргизүү талабы менен сотко кайрылышты. Бул тууралуу алардын кызыкчылыгын коргогон юрист Арман Абдрашит билдирди.

Юристтин айтымында, ата-энелер сотто мектептин ички тартиптери менен Билим берүү жана илим министрлигинин диний кийимчен окууга келүүгө тыюу салган буйругун талашууга ниеттенишүүдө.

Арман Абдрашиттин айтымында, бул талаптар мамлекеттик окуу жайларда бекер орто билим алууга кепилдик берген жана орто билим алууну милдетттендирген Казакстан Конституциясынына карама-каршы келет. Юрист окуучу кыздар жоолук же хиджап эмес, казактардын улуттук баш кийими – кимешек салынышат.

Асет Султанулы Оролдогу № 7 мектеп жетекчилиги 1-класста окуган кызын баш кийими үчүн сабакка киргизбей койгонун билдирди. Анын айтымында, кызы учурда окуган жок.

Мектеп директору комментарий берүүдөн баш тартты.

Буга чейин облустук билим берүү башкармалыгы бардык окуучулар мектеп формасына ылайык кийинүүсү керек экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: