Чүй облусунун ГЭС 5 жана Жер-Казар айылынын ортосундагы Чоң Чүй каналына “ПЕЖО” үлгүсүндөгү автоунаа кулап, ичиндеги айдоочу баласы менен каза болду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 7-ноябрда саат 21:00 чамасында болгон. Унаанын ичинде 5 адам болгон. Куткаруучулар келгенге чейин унаадан айдоочунун жубайы 1977-жылы туулган Т. Р. жана уулу 1999-жылы туулган Т. И. ошондой эле кызы 2012-жылы туулган Т. А. эч кандай жаракат алышпай, унаадан өздөрү чыгып кетишкен. Ал эми айдоочу 1975-жылы туулган Т.Т. жана 2011-жылы туулган уулу Т.Н. окуя болгон жерде жан берген. Куткаруучулар унааны суудан чыгарышып, унаанын ичиндеги каза болгон адамдардын жансыз денелерин ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ