Menu

Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын парламенттик делегациясы келет

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 12-15-ноябрь күндөрүндө Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин делегациясынын келиши мерчемделүүдө. Делегацияны Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын аталган комитетинин төрагасынын орун басары Го Гэнмао жетектеп келет. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Кытай парламентинин тармактык комитетинин делегациясынын иш сапарынын жүрүшүндө Кытай парламентинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушмакчы.

Делегация курамында Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйнынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин мүчөлөрү Го Цзюньбо жана Ли Дэнхай, аталган комитеттин Аппаратынын изилдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Цзя Цзин, аталган комитеттин Аппаратынын кызматкери Жэнь Цянь бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: