Ошентип жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи да жакындап келатат. Учурда 21 ноябрга белгиленген бул маанилүү салтанатка президенттик аппарат кызуу даярдыктарды көрүүдө. Бирок аппарат башчы А.Үсөновдун айтуусунда, бир да чет өлкө президенттери чакырылбайт. “ Дүйнөлүк практиканы эске алып, инаугурацияга чет өлкө президенттери чакырылбайт. Бирок өлкөдөгү элчилердин баары чакырылат, – деди ал. Бирок чет өлкөлөрдүн биринин да президенттеринин чакырылбашы боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Анткени канткен менен бул мамлекетибиздин эл аралык денгээлин аныктоочу барометр эмеспи. Адатта ошол эле эл аралык практикада кайсы бир өлкөнүн президенти шайлангандан кийинки ант берүү аземине жок дегенде эң жакын стратегиялык өнөктөш болуп саналган мамлекеттин башчысы катышат. Мисалы, ушул эле кетип жаткан президентибиз А.Атамбаев ал кездеги жакшы мамиледе болгон Туркиянын президенти же парламенти шайланабы “аби” деп жетип барып, ал тургай балкондогу алгачкы сөздү сүйлөгөндө жанаша тургандыгын өзү унутуп калса да, түрк кардештер унута элек болсо керек. Демек, С.Жээнбековдун инаугурациясына эч бир чет өлкөнүн президентин чакырбай коюунун артында өлкөбүздүн саясый беделинин олку-солкулугу турган жокпу?
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ