Menu

Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 8-ноябрда, өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн  чыңдоо, Куралдуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана техникалык жактан камсыздоону жакшыртууга  жана аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоого багытталган чаралардын комплексин ишке ашыруу  туурасында  маалымат берилди.

Райимберди Дуйшенбиев  ошондой эле чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү жана аскердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында дагы маалымат берди.  Тактап айтканда ал Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн көп батирлүү эки үйдүн курулушу аяктагандыгын,  Баткен облусунда “Миң булак” чек ара заставасын ачууга даярдык туурасында  айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев  мамлекеттин тышкы чек араларын чыңдоо жана  коргонуу жөндөмдүүлүгүн  арттыруу боюнча  бир катар тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: