Menu

Жогорку соттун кызматкерлери репрессия курмандыктарын эскеришти

Бөлүшүү:

 Бүгүн, 8-ноябрда Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Сотунун кызматкерлери  Бишкек шаарындагы тарыхый  мааниси  бар эстетилик момументтерге  гүл коюшту. Жогорку соттун аппарат жетекчиси Маратбек Осмонкулов баш болгон  аппараттын өкүлдөрү, Эркиндик бульварындагы  массалык репрессияда курман болгондорго арналган монументке барышты. Анда,  1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхый мааниси зор экенин айтышып,   кийинки муундар кыргыз элинин ата-бабадан мураска калган жерине толук ээ болууну, эркиндикти, теңдикти эңсеген бул күрөштү эч качан  унутпашы керек экендигин белгилешти. Бул туралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Андан соң, Бишкектин борборундагы Эмен багында Кыргызстанды чейрек кылым башкарган саясий жана мамлекеттик ишмерлер  Турдакун Усубалиев,  Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Исхак Раззаков, Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Абсамат Масалиев, Болот Мамбетов, Абды Сүйөркулов жана Акматбек Сүйүмбаев сыяктуу мамлекеттик ишмерлердин эстелиги орнотулган аллеяга барышып, гүл коюуп эскеришти.

Өз кезегинде Маратбек Осмонкулов мамлекеттик жана саясий ишмерлер  кыргыз эли үчүн, мамлекетин түптөлүшүндө  жасап кеткен зор эмгектерин айтып, өлкөгө кызмат кылуунун мыкты үлгүсүн көрсөтүп кеткен инсандар катары белгиледи. Жогорку соттун кызматкерлери андан ары борбордук аянтта орун алган  апрель окуяларында курман болгондорго арналган эстелик монументке гүл коюуп, куран окушту.

8-ноябрь – Кыргызстанда репрессия курмандыктарын эскерүү күнү. 1937-жылы сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп атылып кеткен 137 адамдын сөөгү Чоң-Таш деген жерден 1991-жылы 70 жылдан кийин казылып алынып, кайра чоң салтанат менен көмүлгөн. Бул жерде бейкүнөө атылып, кийин кайра акталган кыргыздын залкар мамлекеттик жана маданият ишмерлери Төрөкул Айтматовдун, Жусуп Абдырахмановдун, Касым Тыныстановдун, Баялы Исакеевдин, Мурат Салиховдун сөөктөрү жатат. Репрессия курмандыктары түбөлүк жай алган жер Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен Ата-Бейит деп аталып калган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: