Menu

Абдывахап Нурбаев, депутат: “Армияда кызмат өтөгөндөр үчүн ЖРТдин жыйынтыгын таануу мөөнөтү узартылат”

Бөлүшүү:

Орто мектептерди аяктаган уландарыбыздын айрымдары жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн соң, ар кандай шарттарга байланыштуу жогорку окуу жайларына барбай, армияга кызмат өтөөгө жөнөп кеткен учурлар бар.  Бирок, алар армиядан кайтып келген соң, ЖРТ жыйынтыгы эч пайда бербей калат. Себеби, тестирлөөнүн жарактуу деп эсептелген мөөнөтү болгону 1 гана жылга эсептелген. Ошондон улам, окуусун улантууну каалагандар бир топ ыңгайсыз абалга туштугуп, кайрадан ЖРТ тапшыруу убаракерчилигин тартышууда,- дейт депутат Абдывахап Нурбаев бүгүн, 8-ноябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Окууга эмес, каражат табууга аргасыз болгон жаштарыбыздын көпчүлүгү мигранттардын катарын толуктоочулардан болушууда. Ошондуктан, татыктуу адисттикке ээ болуу  үчүн билим алуу башкы планга чыгышы керек. Бул багытта армияда кызмат өтөгөн уландардын  ЖРТ жыйынтыгы армиядан келгенден кийин дагы жарактуулугун жоготпой, жогорку окуу жайларына тапшырууда колдонулсун, – деп сунушталууда. Бул боюнча “Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы парламенттин бүгүнкү жыйынында добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев.

Депутат А.Нурбаевдин айтымында, армияга барып келгендер үчүн ЖРТнын жарактуу мөөнөтү узартылгандан тышкары, алардын алган баллдары башка абитуриенттердики менен бирдей болуп калса, мекенди коргоо ишине катышкандардыкы артыкчылыкка ээ болот.

Ошондой эле уктурууга катышкан депутат Ж.Акаевдин жардамчысы Нуртилек Нурдин уулу,- “Армиядан май айында келген уландар кайрадан тест тапшырууга даярданып жетише албай калышууда. Муну мен армияга барып келген өкүл катары жакшы билем. Мындай учурда тест тапшыруу үчүн армиядан келгенден кийин дагы бир жыл күтүүгө туура келет. Бул жөн гана убакытты текке кетирүү. Ошондуктан, ЖРТнын жарактуу мөөнөтүн армияга барып келген уландар үчүн узартып койгон туура болот. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдойм”, – дейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: