Милиция кызматкерлери мыйсамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, окторду жарандар өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 31-октябрь күнү Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоо максатында иликтөө иш-чараларын уюштурушуп, натыйжасында ок атуучу куралды мыйсамсыз алып жүргөн жаран кармалган. Милиция кызматкерлери Баткен районунун жайлоолорунун биринен 30 жаштагы Тажикистан Республикасынын жаранын өздүк кароо учурунда 12-калибрдеги ок атуучу куралын табышкан.
Ушул эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кара-Кулжа районунан Көкарт айылынын 36 жаштагы жашоочусу текшерилип, натыйжасында “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен 4 даана огу менен табылып алынган.
Мыйзамдын негизинде Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын 47 жаштагы Ш.М. аттуу жашоочусунун үйү текшерилип, тиешелүү документтери жок “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу курал 12 огу менен табылган.
Жогорудагы факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
ИИМ эскертет: мыйзамсыз курал сатуу, даярдап өткөрүү, сактоо, оңдоо менен алектенгендерге жана куралдарды, окторду, жарылуучу заттарды алып жүргөндөргө карата кылмыш иши козголот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ