Menu

Ноокатта жаңы милиция бөлүмү ачылды

Бөлүшүү:

Ноокат районунун борбору Ноокат шаарында милиция бөлүмү ачылды. Буга калктын санын өскөндүгү жана райондук ички иштер бөлүмүнүн калаадан алыс жайгашкандыгы себеп болду.

– Ноокат шаардык милиция бөлүмүнүн имаратын курууга жалпысынан эки миллион сом сарпталды. Бул курулушка Ноокат шаарынын мэриясы жана БУУнун маңзаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы каржылык колдоо көрсөтүштү. Мындан ары, буюрса, калаада кылмыштуулук жана жол кырсыктары менен күрөшүүгө жакшы шарт жаралып олтурат. Ноокат – көп улуттуу жана калкы жыш жайланышкан шаар. Андыктан, бул бөлүмдүн курулушу мезгилдин талабы эле, – деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Санжар Ибраимов. Ушул тапта Ноокат шаарында 16 миң калк жашайт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: