Кипрде мигранттардын ортосундагы жаңжалдан улам түркмөнстандык ага-иниге кылмыш иши козголду. Маалыматтар боюнча Алтыбай аттуу түркмөн жараны аялын Руслан аттуу мекендешинен кызганып, катуу сабап салган.
Бул окуя боюнча Никосия шаарында соттук териштирүү жүрүүдө.
Кипр полициясынын маалыматы боюнча кылмышка шектүү Алтыбай Кадыров иниси менен бирге Руслан Орунов аялына кыска билдирүү жөнөткөнү үчүн катуу сабап салган.
Никосия соту ага-иниге 8 миң АКШ доллары өлчөмүндө айып пул салды. Андан тышкары өлкөдөн чыкпоо чечими чыгарылды.
Түркмөнстан Түндүк Кипрди тааныбайт, ошол эле маалда бул аймак түркмөн мигранттарынын арасында популярдуу болуп эсептелет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ