Menu

Жогорку Кеңеште “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү сунущталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Ташболотов баяндама жасады.

КР Өкмөтүнүн токтому менен Мамлекеттик салык кызматынан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүү жана/же жүгүртүү боюнча мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо, этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу), лицензиялоо, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо боюнча функциялары өткөрүлүп берилген. Ушуга байланыштуу КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.

Талкууда эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун демилгелөөнүн канчалык зарылчылыгы бар экенин белгилешти. Ошону менен катар спирт өндүрүү менен алкаголдук продукция өндүрүү маселелерин эки башка бөлүү керектигин белгилешти.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү тарабынан мыйзам долбоорунун демилгеленишинин зарылчылыгы, анын так, даана максаттары боюнча толук маалымат берилиши керектиги айтылып, аталган маселени министрлердин өздөрүнүн катышуусунда талкууламай болушту. Маселе кийинки жыйындарга калтырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: