Жалал-Абад облусу – Кыргызстан боюнча гепатит дарты абдан көп катталган аймак. Былтыр бул жугуштуу дартка 1300 адам кабылса, быйыл жыл башынан бери эле 800гө жакын кишиден бул оорунун вирустары табылды.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облустук ооруканасында гепатиттен жапа чекен 13 адам дарыланып жатат. Булардын төртөө вирустун В, калганы А түрүнө кабылышкан. Өзү гепатитгин эң жугуштуу 6 түрү бар. А Кыргызстанда гепатит А менен жапа чекендер арбын. Бирок, муну дарылоо абдан жеңил. Бирок Жалал-Абад облусунда жугуштуу дарттын быйыл B,C,D түрүнө чалдыккандар дээрлик көбөйдү. Соңку мезгилде бул дартты кыскартуу максатында саламаттыкты сактоо министрлиги гепатит боюнча алдын алуу, түшүндүрүү кербенин Жалал-Абаддан баштады. Тилекке каршы, аталган аймакта дартты аныктоочу реактив жок. Ошондуктан, 10-ноябрда марафон өткөрүп, кайдыгер эмес жарандардан акча топтоо жагына күн түшүп олтурат.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ