Menu

Видео – Казакстан парламенти ММК мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды

Бөлүшүү:

Казакстан парламентинин Мажилиси шаршембидеги пленардык жыйынында маалымат жана байланыш маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Ошол эле маалда депутаттар ММКлардын суроолоруна мамлекеттик органдардын жооп берүүсү үчүн сунушталган 15 күндүк мөөнөт азайтылышы керектигин айтышты. Парламентарийлердин пикиринде, эки жумадан кийин алынган маалыматтын журналисттер үчүн актуалдуулугу жоголуп калышы мүмкүн.

Өз кезегинде өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев учурда мамлекеттик органдар (азыркы мыйзамдагыдай) үч күндүн ичинде жооп берүүгө үлгүрбөй калып жаткандыгын билдирди. «Ошондуктан биз 15 күнгө чейин деп белгиледик. Дүйнөлүк практикада 20 күндөн бир айга чейин убакыт каралган. Мында чочулай турган эч нерсе жок деп ойлойм», — деди ал. Министрдин айтымында, жарандар кайрылган маалда дагы мамлекеттик органдардын жооп берүүсүнө 15 күн белгиленген.

Анткен менен Абаев мамлекеттик органдардын жооп берүүсү үчүн каралган максималдуу мөөнөттү кыскартуу маселесин кайра карап чыгып, талкуулоого даяр экенин айтты. ММКлар менен юридикалык же жеке тараптардын ортосундагы талаш-тартышты сотко жеткирбей өз ара чечишип алуу тууралуу депутаттардын суроосуна жооп берген министр алардын ортосунда медиатор катары ММК тармагында иштеген коомдук уюмдар чыга ала тургандыктарын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: