Акыркы жылдары жол кырсыгы кескин көбөйдү. Акыркы эки-үч күндө эле жыйырмадан ашуун киши каза болду. «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу керек. Өкмөт тезинен аны жүзөгө ашыруу чараларын көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы жарыялады.
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында видеокамераларды орнотуп коюу менен эле жол кырсыгын азайта албайбыз. Көптөгөн трассаларда жол белгилери жок, жол чийиндери так түшүрүлгөн эмес. Көптөгөн автоунаалар ээсинин ишеним каты аркылуу башка адамдар тарабынан айдалып жүрөт. Жол кырсыгы үчүн алардын толук жоопкерчилик алары күмөн», – дейт эл өкүлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ