“Кыргыз-казак чегарасындагы акыркы окуялар Евразия экономикалык бирлигинин көзүн карап отурбай, жергиликтүү дыйкандардын түшүмүн экспортко алып чыгуунун башка жолдорун дагы караштыруу зарылдыгын көрсөттү. Өкмөттөгүлөр ишкерлерге жардам беребиз дешти эле, бирок дыйкандардын мурда алган насыяларын өз маалында төлөөсү чоӊ көйгөйгө айланып турат”, – деди депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеӊеш жыйынында. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
«Мына, өткөндө жаш жигитти экономика министрлигине дайындадык. Ал чала-була кыргызча сүйлөп койсо, ошого кубанып отурабыз. Биз анын кандай сүйлөгөнүнө жараша эмес, кандай иштеп жатканына жараша баа бербейлиби. Ошондуктан, Экономика министрлиги менен Айыл чарба министрлиги коӊшу өлкөлөр менен келишим түзүп, Ветфитосанинспекция өлкө аймагынан чыгарылуучу өнүмдөрдү тастыктоо тартибин аныкташы зарыл», – дейт депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ