Өмүрбек Бабановго «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Каарманыбыз болсо, чет өлкөдө эс алып жүргөнүу маалым. Ал өзүнө тагылган айыптарга жакында интернет аркылуу жооп да узатып, «бийликтин ойдон чыгарылган оюндары…» деген маанайда каяша жасаганга үлгүрдү. Учурда саясый элитадагылар «Бабанов коркок, болду эми келбейт» деп бир ооздон обон созуп атышат. Бирок, дал ушул боюнча анын ишенимдүү адамы менен сүйлөшкөнүбүздө, кызык жагдайга туш болдук. Өмүрбек Токтогулович 24-ноябрда жаңы президенттин инаугурациясынан кийин мекенине кайтып келээрин, камакка алынуудан коркпой турганын маалымдашты. Болгондо да калың күйөрмандары тосуп алары болжонууда. Эскерте кетүүчү жагдай, «Бабанов Кыргызстандын босогосун аттады» дегиче дагы бир канча кылмыш иштери кошумча иретинде козголору тар чөйрөдө айтылууда. Кызыгы, Сооронбай Жээнбеков жаңы гана кызматына киришип жатып, эң башкы оппонентин камакка алса, аягы кандай бүтөөр экен? Дал ушул жагынан саясый кырдаал курчуп, регионалдык бөлүнүүгө жол чабылып кетпейби? Кыскасы, тынч эле болсок…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ