Menu

Жалал-Абаддагы областтык Барпы атындагы кыргыз драма театры 25-театралдык жаңы сезонун ачты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-ноябрда Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракеси жана маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү  салтанаттуу белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Салтанаттуу иш-чарага облустук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, жогорку жана атайын окуу жайларынын студенттери жана маданият менен искусствонун күйөрмандары катышты. Конокторго Барпы апыздын өмүрү жана чыгармачылыгы туурасында театралдык постановка тартууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Барпы театрынын чыгармачыл эмгек жамаатын жана маданият тармагынын кызматкерлерин бүгүнкү кош майрамдары менен куттуктады. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков театрдын жана маданияттын бир катар чыгармачыл  инсандарын ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Сыйлык алгандардын катарында Кыргыз Республикасынын эл артисттери Шахра Талипова, Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл акыны Рахматулла Козукеев баш болгон ондогон өнөр инсандары болушту.

Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын чыгармачыл эмгек жамааты өздөрүнүн 25-театралдык сезонун грузун элинин драматургу Антон Цагареллинин “Ханума” аттуу комедиясынын премьерасын элге тартуулоо менен башташат.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: