Menu

Эл өкүлдөрү шайлоочулардын койгон көйгөйлөрүнүн чечилишин аткаруу бийлигинен талап кылышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында республикадагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Мирлан Бакиров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы токой чарбасында карагайлар кыйылып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Чек арадагы кырдаал чечилди деген менен көйгөй жаралган маалда элдин айыл чарба өнүмдөрү жараксыз абалга келген. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Алмазбек Эргешов коңшу Кытай менен, ошондой эле Индия, Пакистан менен айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо жаатында кызматташууну колго алууну сунуш кылды.

Депутат Пархат Тулендыбаев Чүй суусунун жээгин бекемдөө иштери боюнча 2017-жылы гана жарытылуу каржы бөлүнгөнүнө токтолуп, мындай олуттуу маселеге өзгөчө мамиле кылуу керектигин белгиледи.

Мурда айыл жерлеринде жер салыгы, тамарка сылыгы сыяктуу салыктарды Өкмөт өздөрү чогулта турган. Азыркы күндө айыл тургундары өздөрү атайын банкоматтарга барып төлөп турушат. Депутат Улукбек Ормонов бир айыл тургуну, маселен, салык төлөө үчүн шаарга барыш үчүн жол киреси, банкомат акысы болуп отуруп, салыктан көп чыгымга учурап жатканын айтып, Өкмөт бул жагдайды жолго коюушу керектигин билдирди. Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Күл айыл аймагындагы Кыймыл айылындагы дамбаны суу жарып кеткен. Улукбек Ормонов аткаруу бийлигин аталган дамбаны суу тартылган күз маалында калыбына келтирүүгө чакырды.

Депутат Кожобек Рыспаев КР саламаттыкты сактоо министри Талантбек Баатыралиевди тейлеген тармагында каалаган адистерди кызматтан бошотуп, каалаганын кызматка коюп жатат деген жүйөө менен сынга алды.

Бишкек Жылуулук электр борборунда реконструкция жүрүп, 2 жаңы энергетикалык блок ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө алар 50 пайыздык кубаттуулук менен гана иштеп жатат. Мындай маалыматты ортого салган депутат Алтынай Өмүрбекова: “Кара-Кече көмүрү менен Бишкек ЖЭБин үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн Балыкчы – Кара-Кече темир жолун курууну каржылоону бөлүп-бөлүп болсо дагы ар жылы бюджетке киргизүү керек”,- дейт.

Кыргыз Республикасынын бажы биримдигине киргенден тартып өлкөгө күйүүчү-майлоочу майлар бажы алымысыз киргизилип жатат. Буга байланыштуу депутат Исхак Пирматов өз маалымат булактарына таянуу менен 2 аптага гана жете тургандай дизелдик майдын запасы калганын айтып, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоодо индикативдүү балансты сактабаган тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: