Menu

Секс жаңжал. Министрлердин бири өлүп, бири кызматтан кетти

Бөлүшүү:

Уэльс өкмөтүнүн министри Карл Сарджент Коннах Куэй шаарындагы өз үйүндө өлүп жаткан жеринен табылды. Британиянын ВВС корпорациясынын билдиргенине караганда, чиновникти бир топ аял «бизге тийишти» деп айыптаган соң өзүн өзү өлтүргөн. 3-0ктябрда ал аялдардын арызынын негизинде лейбористтик партияда ички иликтөөлөр башталганынан улам өз ыктыяры менен отставкага кеткен болчу.

Андан мурдараак ушундай эле себеп менен Улуу Бртианиянын коргоо министри Майкл Фэллон отставкага кеткен. Анын кетүүсүнө британиялык журналист Джулия Хартли-Брюердин «министр мындан 15 жыл мурда менин тиземе колун койгон» деп даттанганы себеп болгон. Фэллон өзү күнөөсүн мойнуна алды. «Акыркы учурларда бир катар айыптоолор пайда болду, анын ичинде менин мурдагы жүрүм-турумум тууралуу да айыптоолор бар. Бул айыптоолордун көбү жалган, бирок, мурда мен өзүмдү куралдуу күчтөрдүн өкүлүнө татыксыз алып жүргөнүмдү мойнума алам. Мен өзүмчө тыянак чыгардым, ошон үчүн отставкага кетем» деп билдирген министр.

Бирок, «The Telegraph» гезитинин жазганына караганда, Майкл Фэллон министрлик кызматынан өкмөттөгү интригалардан улам кол жууду, ал эми аялдарга тийишкени болсо жөн гана шылтоо. Коомчулук палатасынын лидери Андреа Лидс Феллон аны иштен бошотууну көздөп жатканын билген соң, алдын алыш үчүн өкмөт башчы Тереза Мэйге «мага тийишти» деп даттана койгон.

Бул арада Лондон полициясынын мурдагы комиссары Боб Квик Британия өкмөтүнүн канцелярия башчысы, премьердин орун басары Дэмиан Гринди «өзүнүн иш компьютеринде порнографиялык сүрөттөрдү сактачу» деп айыптап чыкты. Отставкадагы офицердин айтымында, полиция кызматкерлери ал сүрөттөрдү 2008-жылы кызматгык маалыматтардын чыгып кетүүсүн текшерүү учурунда көрүп калышкан. Табылган материалдар өтө уят порнографиянын категориясына кирет.

Грин өзү Квиктин сөзүн жалганга чыгарып, мурдагы полиция кызматкерин «менин саясый карьерамды бузмакчы болуп жатат» деп айыптоодо. Бирок, анын сөзүнө ишенели десек, ноябрь айынын башында журналист Кейт Молтби «2015-жылы Грин мага тийишкен, тиземен сылап койгон» деп даттанган жайы бар. Азыр премьер-министрдин тапшырмасы боюнча тиешелүү кишилер журналисттин арызын иликтеп жатышат.

«The Sun» басылмасынын маалыматы боюнча, премьер-министр Тереза Мэй секс жаңжалдын баардык курмандыктарынан кечирим сурап, парламентти тартипке салууга убада берди. «Бул жылдарда кызмат абалынан кыянат пайдалануу учурлары аябай көп болгону өтө өкүнүчтүү”.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: