Душанбеде Иран элчилигинин жаңы имараты ачылды. Аземге эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Мухаммад Жавад Зариф менен Сироджиддин Аслов катышты.
Буга чейин Тажикстан президенти Иран тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифти кабыл алган. Жолугушуу жабык эшик артында өткөн. Тараптар соода, инвестиция, энергетика, транспорт, айыл чарба жана өнөр жай тармагында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселерин талкуулашты.
Ирандын тышкы иштер министри Тажикстан өкмөтүнө кайрылып, достук мамилелерин бекемдөө – эки өлкөнүн жана калктын жыргалчылыгы үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов бул тили жана маданияты боюнча көп окшоштугу бар эки өлкө үчүн манилүү окуя экенин айтып, тажик-иран мамилелерине жик салган учурларды сынга алды.
Бул арада өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышуу үчүн иран делегациясы 12-декарда Душанбеге келери маалым болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ