Menu

Баткенде эки жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады

Бөлүшүү:

Баткен облусунун Лейлек районунда 2017-жылдын 8-ноябры күнү саат 22:23дө КР ӨКМнин №74 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Ош-Исфана унаа жолунун 323-чакырымында “Рено” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги теректи сүзгөн жерге чыгышкан.

Куткаруучулар окуя болгон жерде айдоочуну жана жанындагы жүргүнчүсүн унаадан чыгарышып, Лейлек райондук тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Баткен шаарынын 2017-жылдын 9-ноябры күнү саат 01:30да КР ӨКМнин Баткен шаарындагы 3-издөө-куткаруу өотрядынын куткаруучулары Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда мамлекеттик № О 56 98 АТ Хундай Портер үлгүсүндөгү жана мамлекеттик № В 82 05 АQ Спринтер үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда кырсык болгон жерге чыгышкан. Кырсык саат 01-27 чамасында катталган. Хундай Портер унаасынын ичинде кыпчылып калган айдоочуну куткаруучулар чыгарышып, райондук ооруканага жеткиришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: