Menu

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама: Трамп Астана, Бишкек, Ташкент жана Душанбеге келеби?

Бөлүшүү:

Дональд Трамп Си Цзинпинди Түндүк Кореянын «өзөктүк коркунучун» токтотуу үчүн тез жана натыйжалуу чараларды кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды. Пекиндеги расмий жолугушуу маалында Кытай лидерин мактаган Трамп Ким Чен Ындын өзөктүк дымагын ооздуктоодогу Си Цзинпиндин колдоосун жогору баалай турганын билдирди. “Мен Силердин президентиңер тууралуу бир нерсени билем: эгер ал кайсыл бир иштин үстүнөн берилгендик менен иштесе, сөзсүз көксөгөнүнө жетет. Анын дал ушундай экенинен шегим жок», деп жазды басылма Трамптын айткандарын.

Ошол эле маалда Le Monde басылмасынын журналисти белгилегендей, Пекинде Трамптын өзөктүк программа боюнча сөздөрү анчалык бекем болгон жок. АКШ президенти Кытайда каатчылыктын чечилиши боюнча оптимисттик көз карашын көрсөтүп, Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырууда. Француз басылмасы буга чейин Түштүк Корея парламентинде сүйлөгөн Трамп «мындан ары дүйнө өзөктүк курал менен опузалаган, элден чыгып калган режимге чыдай албай турганын» айтканын белгиледи.

«Президент Дональд Трамп Азияны кыдырып жүргөн чакта, коңшулаш жайгашкан стратегиялык аймактар эгемендик алган 26 жылдан бери АКШ президентинин алгачкы сапарын күтүп жатышат», деп жазат Independent Journal Review басылмасы. Борбор Азиядагы беш өлкө — Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан тууралуу жаңылыктарда көп айтылбай, америкалыктардын көбүнө алардын эч кандай тиешеси жоктой сезилет. «Чынында аймак АКШнын Ооганстан согушундагы стратегиясынын ийгилиги жана анын Түштүк Азиядагы экономикалык реинтеграциясы үчүн абдан маанилүү. Президент Трамп Ооганстанда ийгиликтерге жетишүүгө аракет кылганы менен анын администрациясы дүйнөнүн бул чыңалган бөлүгүндөгү тынчтык жана туруктуулук үчүн Борбор Азиянын маанилүүлүгүн таанышы керек» деп жазды басылма.

Басылма «учурда АКШда Ооганстандын айланасындагы туруктуулукту камсыз кылуучу, андагы мыйзамсыз маңзат сатууга каршы күрөшкө көмөктөшүүчү, терроризмдин каржыланышын кыскартуучу жана Орусия менен Кытайдын таасирин теңөөчү аймак катары — Борбор Азиядагы өз таасирин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул Кытай инвестициялап жаткан он миллиарддаган доллар каражатты талап кылбашы мүмкүн, бирок саясий эрк, АКШ саясатындагы ыкыластуулук менен ырааттуулукту талап кылат. Бул Трамптын Азияга болгон багыты үчүн маанилүү саясий план болуп эсептелет», деп жазды.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: