Menu

«Премьер-министр» Бакыт Төрөбаев эмнеге дубалды сүзгөндөн баш тартты?

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоодон кийин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан да «саткынчылар» чыгып, Бакыт Төрөбаевдин айласын кетире башташкан. Фракция лидерин алмаштыруу боюнча маселе көтөрүшүп. Алар Тазабек Икрамов,
Камчыбек Жолдошбаев, Алмаз Жутанов. Бул үчөө Төрөбаевдин аркасы менен депутат болуп алышып, анан бийликтин «айдактамасы» менен тескери «ушата» башташканына коомчулук таңгалган болчу. Фракция ичинен үчөөнүн демилгесин башкалары колдобой койгондуктан дымып калышты. Бул процесс ишке ашпагандан кийин Б.Эргешовичтин артын күч органдары каза башташканы, бирок, көзгө көрүнө турган кьшмыш иштерин таба алышпаганы таңгалдырууда. Баарыбызга белгилүү болгондой, депутат Канатбек Исаев камалганы, жакында Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголгону Бакыт Төрөбаевге да катуу таасир этип, кайсы бир убакка чейин Алмазбек Атамбаевге каяша кылбай, тек гана жүрүүгө өтүп алыптыр. Эгерде Бабановдун «премьер-министри» болбой эле радикал оппозициялык позицияга өтүп алса, анда буга да чечкиндүү чаралар колдонулары каңкууланган. Сыягы, учурда жөн эле дубалды сүзгөндөн пайда жок экенин каарманыбыз деле түшүнүп, ыңгайлуу учурду күтүп жатса керек…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: