Menu

Токмокто 3 унаа кагылышып, каза болгон бар

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Токмок шаарында 2017-жылдын 9-ноябры күнү саат 04:30да КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Бишкек-Торугарт айланма жолунун 52- чакырымында 3 унаа кагылышкан жерге барышкан, – КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Окуя болгон жерде мамлекеттик № S 93-99 X үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жана мамлекеттик № N 87-98 АА “Мерседес Бенц” Гигант  үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ошондой эле мамлекеттик № S 96-34 Х “Мазда-323” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен “Мазда-323” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу 1989-жылы туулган  С. Ч. аттуу жаран кырсык болгон жерде каза болгон. Каза болгон жаранды куткаруучулар унаадан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: