Menu

Сауд Арабияда коррупция иши боюнча 200 киши кармалды

Бөлүшүү:

Сауд Арабия бийлиги өлкөдөгү коррупциялык иликтөөлөргө байланыштуу эки жүздөн ашуун кишини суракка алып, айып такпастан жетөөнү гана коё берди.

Сауд Арабиянын башкы прокурору 9-ноябрда жемкорлук схемаларынан өлкө 100 миллиард доллардан ашуун зыян тарканын билдирди. Анын айтымында, үч жыл иликтөө жүргөн.

Королдукта бир жарым миңден ашуун банк эсептери тоңдурулду. Иликтөө өлкөнүн аймагынан тышкары жерлерде дагы жүргүзүлүүдө. Бириккен Араб Эмиратынын борбордук банкы Сауд Арабиядагы 19 букарасынын эсептери боюнча маалымат сурады. Банкирлер Reuters агенттигине көптөгөн кардарлар аймактагы активдерин сатып кетип жатканын айтышкан.

5-ноябрда Сауд Арабиясында 11 ханзаада, төрт азыркы жана ондогон мурдагы министрлер кармалган. Ишти мураскор ханзаада Мухаммад бен Салмандын көрсөтмөсү менен жаңы түзүлгөн Коррупция менен күрөшүү комитети алып барууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: