Menu

Сапар деле камчы салдырбайт экен

Бөлүшүү:

Казак-кыргыз чек арасы кимдин дарамети канчалык экенин көрсөтүп койду. Өкмөт башчысы болуп ишти жаңыдан баштап жатканда бул көйгөй Сапарга чынында найза болуп сайылды. Бул анын күнөөсү эмес экенин баарыбыз эле жакшы билебиз. Казак тарап кимге таарынып жатканы да белгилүү. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Сапар Исаков колунан келген аракетти жасап жатат. Казактар өздөрү таарынычтан улам ушундай кадамга барып жатабыз дегенди ачык айта албай, ар нерсе айта берип жүдөштү. Алгач шайлоого карата дешсе, кийин бажыда контрабанда бар деп чыгышты. Ереванда казак өкмөт башчысы бизге күнөө коюп, кыргыздын айынан миллиарддаган доллар зыян тартып жатабыз деп догурунган. Кечээ жакында эле Ташкенттеги жыйында кыргыз өкмөт башчысы Исаков казактын башбаканына “Кыргыздын сүтү, картошкасы, эти контрабанда болуп калдыбы?” деген маселени кабыргасынан койгондо, казактар башка маселеге өтүп, бизге беш талап койгонго өттү. “Шериктүү баш, шерменде аш” деген ырас окшойт. Казактар өздөрү баарын шерик кылып алып, кайра тескери сийип, шерменде кылып жатканына түшүнбөйсүң. Исаковдун койгон талабы жөндүү болду. ЕАЭС уюмунун талабына жооп берген кыргыздын сүтү менен эти, сабизи менен картошкасы неге казак чек арасында чирип-ириши керек?

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: