Menu

Өкмөттө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды

Бөлүшүү:

Өкмөтүндө кечээ, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өнөктөштөр менен өз-ара аракеттешүү боюнча Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйындын жүрүшүндө «Жаңы доорго – кырк кадам» өкмөттүк программасын биргелешип ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.

Премьер-министр Сапар Исаков өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө өлкө Өкмөтүнүн демилгелерине көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашырууга багытталган биргелешкен иш-аракеттерди макулдашуу болуп саналаарын өзгөчө белгиледи. Өкмөт башчы белгилегендей, аталган программа – 2040-жылга Улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун алгачкы беш жылдык этабы.

Премьер-министрдин кеңешчиси Юлия Калиниченко өзүнө 9 реформалоо программасын жана 9 өнүктүрүү программасын камтыган «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын негизги багыттары тууралуу айтып берди.

Юлия Калиниченко билдиргендей, реформалоо программасынын алкагында «Таза Коом», «Элиме кызмат», «Ачык шайлоо – туруктуу мамлекет», «Күчтүү жарандык коом», «Бел болчу билим, из кылтырчу илим», «Жагымдуу бизнес-чөйрө», «Өнүгүү инфраструктурасы», «Тышкы саясат» жана «Мыйзам үстөмдүгү» долбоорлорун ишке ашыруу каралган.

Ошондой эле ал маалымдагандай, өнүктүрүү программалары экономикалык, социалдык бакубаттуулукту жана өлкө жарандарынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Премьер-министрдин кеңешчиси «Жаңы доорго – кырк кадам» программасында каралган бардык компоненттерди ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн пландары тууралуу кеңири айтып берди.

Мындан тышкары, Юлия Калиниченко белгилегендей, аталган программаны иштеп чыгууда БУУ Туруктуу өнүктүрүү максаттары эске алынган.

Жыйындын жүрүшүндө эл аралык финансылык институттардын өкүлдөрү жана донорлор «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын заманбап чакырыктарга жооп берет деп мүнөздөп, аны биргелешип ишке ашыруунун чоң мүмкүнчүлүгүн канагаттануу менен белгилешти.

КР Дүйнөлүк Банк кеңсесинин башчысы Болорма Амгабазар башка орто жана узак мөөнөттүү долбоорлордун кайталанышын четке кагуу үчүн программаны тыкыр иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Улуу Британия Бириккен королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит билдиргендей, өлкөнүн Өкмөтү тарабынан «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын иштеп чыгуу боюнча чоң аналитикалык иш жүргүзүлгөн жана ал британ тарап аны ишке ашырууга колдон келген көмөктү көрсөтүүгө даяр экендигин өзгөчө белгиледи.

КР Эл аралык финансы корпорациясынын кеңсе башчысы Мартин Негеле белгилегендей, чет элдик капитал өлкөнүн ички рыногуна кирүүгө даяр. Мындан тышкары ал Өкмөттүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн биргелешип өлкөдө жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн аракеттешүүсүнүн натыйжалуу аспаптарын издөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга катар өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр аталган программага чет элдик инвесторлордун көңүлүн буруу үчүн кеңешмелер, бизнес-форумдар жана тегерек стөлдөр түрүндө эл аралык аянтчаларды пайдалануунун маанилүүлүгүн билдиришти.

Өкмөт башчы Сапар Исаков «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын бизнес-түзүмдөрдү жана чет элдик инвестицияларды тартуу менен биргелешип ишке ашыруу анын аткарылышынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берээрин дагы бир ирет белгилеп өттү.

Сапар Исаков маалымдагандай, Өкмөт Аппаратынын түзүмүндө мониторингдөө тобу түзүлгөн, ал күн сайын мамлекеттик органдар тарабынан аталган программанын ишке ашырылышынын жүрүшүн жана сапатын көзөмөлдөп турат.

Мындан тышкары кеңешменин катышуучулары программаны биргелешип аткаруу жана мониторингдөө, ошондой эле «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча ишти уюштуруунун техникалык аспекттерин камтуу менен катар күч-аракетти координациялоо маселелерин тыкыр талкууга алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: