Menu

Аксы районунун Ак-Суу айылында милициянын аймактык пункту ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн Аксы районунун Ак-Суу айылында милициянын аймактык пункту ачылды. Андагы ачылышка Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Мамасейитов А., жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Бул аймактык пункт райондун борборуна 85 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ак-Суу, Ак-Сай жана Коргон-Төбө айылдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында аймактык милиция пункту кызмат кылат. Аймактык пункту курууда райондук, мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөтү жана Ак-Суу айылынын жеке ишкерлеринин демөөрчүлүгү астында райондук милиция кызматкерлеринин күчү жана ашар ыкмасы менен жалпы суммасы 300 миң сомго жакын акча каражаты жумшалып, бүгүн ачылуу аземи болду.

Ак-Суу айылынын тургундары коопсуз жашоону камсыз кылууга жана жаш өспүрүмдөр арасында кылмышты алдын алууга жардам берет деп өз ишеничтерин айтып өтүштү. Ошондой эле аймактык милиция пунктун курууга салым кошкон атуулдар ИИМ тарабынан төш белгилер менен сыйланышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: