Menu

“Жаш-Добуш” долбоорунун отчеттук иш-чарасы өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова “Жаш-Добуш” долбоорунун отчеттук иш-чарасына катышты. Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

КР БШК төрагасы көрсөткөн колдоосу үчүн NDI жана USAID эл аралык уюмдпрынат ыраазычылык билдирди, ошондой эле шайлоо реформасын кеңири жайылтууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар тараптуу кызматташууга дайыма ачык экендигин белгиледи.

Бет ачардын жүрүшүндө
Эл аралык мамиле улуттук демократиялык институттарынын Парламенттик программасынын менеджери Э.Адылбековдун айткандарына караганда 20дан ашуун видеороликтер иштелип чыккан, аларды 500 000 көрүүчү, алардын арасында жана 1500 жаш шайлоочукөргөн жана алардын добуштары маанилүү экендиги тууралуумаалымат алышкан.

“Бул жаштардын добушу долбоору шайлоо процессин алдыга жылдырууда коомубузга активдүү салым кошту,”-дейт активист Н.Абылов.

Маалымат:

Бул долбоордун башкы максаты – 2017-жылдын 15-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жаш шайлоочулардын катышуу деңгээлин жогорулатуу болду.

2017-жылдагы Президенттик шайлоодо онлайн жана офлайн иш-чаралары жана жаш шайлоочуларды добуш берүүгө чакыруу жана алардын добушу маанилүү экендиктери тууралуу ар кандай маалыматтык иш-чаралар иштелип чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: