Menu

Александр Мелентьевдин жаркын элесине арналган ИИМдин ок атуу боюнча Чемпионаты өттү

Бөлүшүү:

2017 – жылдын 7 – 9 ноябрь күндөрү Бишкек шаарында Олимпиада чемпиону Александр Мелентьевдин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын ИИМдин ок атуу боюнча Чемпионаты уюштурулуп, өткөрүлдү. Бул туурасында ИИМдин КДДКБнын Басма сөз кызматы билдирет.

Александр Мелентьев – 1954 – жылы төрөлгөн. Кыргыз Мамлекеттик дене-тарбия институтун аяктагандан тартып, ок атуу боюнча Фрунзе шаарынын “Динамо” спорттук коомунун курамында мелдештерге катышкан. Эл аралык класстагы спорттун чебери, СССРдин эмгеги сиңген спорттун чебери, 1980 – жылда өткөн Олимпиада оюндарынын тапанчадан ок атуу боюнча Чемпиону, дүйнөнүн 8 жолку Чемпиону, Европанын 7 жолку Чемпиону, СССРдин 13 жолку Чемпиону, СССРдин, Европанын жана дүйнө рекордсмени.

Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын ИИМдин Чемпионатында бардыгы болуп ички иштер органдарынын 12 курама командалары катышты.

Спортчулар Кыргыз Республикасынын ИИМдин ок атуу боюнча Чемпионунун наамы үчүн, майда калибрлүү куралдан, “Макаров” тапанчасынан жана “Калашников” автоматынан ок атуу боюнча эркектер жана аялдар арасында ат салышышты.

Майда калибрлүү куралдан эркектер арасында орундар тѳмѳндѳгүдѳй болду:
1-орунда Жалал-Абад ОИИБнин кызматкери, милициянын лейтенанты Арапбаев М.;
2-орунда Кыргыз Республикасынын Академиясынын кызматкери, милициянын полковниги Аблаев А.;
3-орунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын кызматкери, милициянын майору Усупов Э.;
Майда калибрлүү куралдан аялдар арасында:
1-орунда Жалал-Абад ОИИБнин кызматкери, милициянын ага лейтенанты Анарбекова А.;
2-орунда Кыргыз Республикасынын Академиясын кызматкери, милициянын полковниги Асаналиева А.;
3-орунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери, милициянын ага лейтенанты Мааданова А.;
“Макаров” тапанчасынан ок атуу боюнча аялдар арасында орундар тѳмѳндѳгүдѳй болду:
1-орунда Жалал-Абад ОИИБнин кызматкери, милициянын капитаны Мурзаева Б.;
2-орунда Бишкек ШИИББнин кызматкери, милициянын полковниги Булах М.;
3-орунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери, милициянын ага лейтенанты Байышбекова Р.
Эркектер арасында:
1-орунда Жалал-Абад ОИИБнин кызматкери, милициянын ага лейтенанты Нарбаев М.;
2-орунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын кызматкери, милициянын подполковниги Арзамацев С.;
3-орунда Ош ШИИБнин кызматкери, милициянын капитаны Жээнбаев С.
“Калашников” автоматынан ок атуу боюнча аялдар арасында:
1-орунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери, милициянын майору Мавлянова Т.;
2-орунда Ысык-Көл ОИИБнин кызматкери Асаналиева А.;
3-орунда Жалал-Абад ОИИБнин кызматкери, милициянын лейтенанты Чиркишова Н.
Эркектер арасында:
1-орунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкери, милициянын подполковниги Турдалиев А.;
2-орунда Жалал-Абад ОИИБнин кызматкери, милициянын подполковниги Жээнтаев Н.;
3-орунда Бишкек ШИИБнин кызматкери, милициянын майору Манаев Б.
Жалпы командалык эсепте:
1-орунда Жалал-Абад ОИИБ;
2-орунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы;
3-орунда Ысык-Көл ОИИБ.
Мелдештин жеңүүчүлѳрү 1-орун үчүн 1000 сом, 2-орун үчүн 800 сом, 3- орун үчүн 500 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар жана грамота, кубоктор менен сыйланышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: