Menu

Өкмөттө «Digital CASA» долбоорун ишке киргизүү боюнча чаралар талкууланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банк кеңсесинин башчысы Болорма Амгаабазар жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын кеңсе башчысы Мартин Негеле менен жолугушуу өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Digital CASA» долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.

Өкмөт башчы «Таза Коом» улуттук долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Интернет тармагына кошулуу наркын төмөндөтүү жана анын ылдамдыгын жогорулатуу үчүн аймактык чектеш кеңири тилкелүү телекомммуникациялык тармакка жеткиликтүүлүктү камсыздоо зарылдыгын өзгөчө белгилеп кетти.

Сапар Исаков белгилегендей, өлкөдө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) инфраструктурасынын тийиштүү курулушун караган «Digital CASA» долбоору «Таза Коом» долбоорунун пайдубалы болуп калат.

«Эки стратегиялык программанын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыздоодо алардын максаттары дал келүүсү зарыл», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Мындан тышкары, Премьер-министр «Digital CASA» долбоорунун өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири боюнча тыкыр талдоо өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

КР Дүйнөлүк Банк кеңсесинин башчысы Болорма Амгаабазар маалымдагандай, «Digital CASA» долбоору төрт компоненттин ишке ашырылышын карайт. Анын негизги максаты – континенттер аралык инфраструктурага кошулуу жолу аркылуу Интернет тармагына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, өз кезегинде ал Европа жана Азия ортосундагы эл аралык байланыштыруучу транзиттик хабы катарында иштөөгө мүмкүндүк берет.

Ал билдиргендей, долбоордун маанилүүлүгүн эске алуу менен ага даярдык көрүү ыкчам темпте жүргүзүлүүдө.

Жолугушууда ошондой эле Интернетке жеткиликтүү кеңири тилкелүү тармактарды жана дата-борборлорду куруунун ар-кыл варианттары талкууланды.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, «Digital CASA» долбоорун ишке ашыруу калкка сапаттуу жана жеткиликтүү интернет-тейлөөнү түзүүгө, кичи жана орто бизнестин глобалдык санариптик экономикага жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттик тейлөө тармагындагы инновацияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Өкмөт башчы ишке ашырылып жаткан долбоорлордун туруктуулугун камсыздоо жана биргелешкен иш-аракетти тутумдаштыруу максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга Дүйнөлүк Банк өкүлдөрү менен биргеликте «Digital CASA» долбоорун ишке киргизүү боюнча иш-чаралар планын даярдоону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: