Menu

Мирлан Бакировдун куйтулук кылганы жакшы эмес го?..

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алган эле. Аталган комитеттин төрагасы Мирлан Бакиров Өкмөттүн алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган мыйзам долбоорун колдоп берүүнү айтып чыккан. Бирок айрым адистер, жалпы эле коомчулук бул мыйзам долбоору мөңгүлөрдү талкалоого жол ачаарын билдирип коңгуроо каккандан кийин жалтактап, жоопкерчиликти өкмөткө оодаруу амалын көрүп, кайпактай түштү. Силер элге түшүндүрүп, пресс-конференция бергиле, биз күнөөлүү болуп калбайлы деген жыландын башын кылтыйтып. Түз позициясы жок, шамал кайсы жактан соксо ошол жакка оогон, олку-солку болгон куйтулук кылганы жакшы эмес го. Мөңгүгө зыян келе турганы анык болгон соң каршы экенин же кайдигер экенин так билдирбейби, «жоопкерчиликти Өкмөт алсын, биз четте калалы» деп кылтыңдабай…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: