Menu

Россияда Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш-чараларды өткөрүүлөрдүн цикли башталды

Бөлүшүү:

Москва шаарында Кыргыз Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш-чараларды өткөрүүлөрдүн цикли башталды. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 8-ноябрында Москвада улуттар үйүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлдөрү Ч.Айтматовдун мааракесине арналган адабий-поэтикалык кечеге катышты. Иш-чаранын уюштуруучулары Россия мигранттар Федерациясы, Москвадагы кыргыз ишкерлеринин Эл аралык ишкерлер ассоциасы, кыргыз диаспарасы жана кыргыз чыгармачыл интеллигенция болду.

Ч.Айтматовдун туулган күнүн утурлай улуу жазуучу жөнүндө бийик адам катары, мыкты сценарист катары эскеришти, адамдардын жан дүйнөсүндө Ч.Айтматовдун эң биринчи улуу инсан экендиги тууралуу жаркын элес, түбөлүк эстелик катары сиңирип калтырган экрандаштырылган жана башка чыгармалары эскерилди.

Иш-чарада чыгып сүйлөгөндөр Ч.Айматовдун дүйнөлүк адабияттын мыкты классиги катары дүйнөлүк жана кыргыз адабиятына жалпы, маданиятка кошкон баа жеткис салымын белгилешти. Чыгармалары аркылуу бир нече муундар тарбия алган Ч.Айматовдун ысымы дүйнөлүк адабияттын классиктеринин катарында турат.

Сахнада кыргыз обондорунан КРнын Эмгек сиңирген артисти Ж.Осмоналиеванын аткаруусунда «Келген жок», Москва шаарында жашап, иштеп жатышкан чыгармачыл мекендештерибиздин аткаруусунда «Ильястын ыры», «Махабат дастаны», «Эсимде», «Атам менен энеме» ырлары жаңырды.

Көрүүчүлөргө жазуучунун “Саманчынын жолу” повестинен алынган Тогонайдын монологу россиялык кинотасмаларда роль жаратып келе жаткан Ж.Асанбекованын аткаруусунда тартууланды, ошондой эле “Ак кеме” повестинен алынган “Бугу эне” монологун М.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин студенттери кыргыз тилинде окуп беришти. Башкыр диаспорасынын “Ильгам” аталган театры тарабынан “Ак кеме” чыгармасы боюнча театрлаштырылган оюн коюлду.

Кеченин аягында Элчилик тарабынан иш-чаранын уюштуруучуларына Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча россиялык сүрөтчүлөр тарабынан даярдалган гравюра альбомдор эстелик белек катары тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: