Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында Баткен шаарынын жашоочусу майып жубайлар Элмурат Гаипов менен Кундуз Маматовага көмөк көрсөтүү максатында кайрымдуулук марафон өттү. Иш чарага аймактагы мекеме ишканалар, кайрымдуулук кылуну каалаган жарандар катыштып, өздөрүнүн жардамдарын беришти. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Ал эми Баткен облустук мусулмандар казыятынын атынан Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров катышып, казыяттын атынан салым кошуп, кайрымдуулук көрсөтүнүн пайдалары турасында баяндама жасап берди. Кундуз Маматова бутунан майып болсо, ал эми жолдошу Элмурат Гаипов баса албайт. Андыктан үй жыйнап, тамак бышыруу үчүн бул жубайлар бир топ көйгөйгө дуушар болуп келишкен. Оор турмуштун айынан жубайлар жөлөк пулдарынан 1500 сомдон үнөмдөп жүрүп, жабдыктарды сатып алышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткен шаардык мэриясы жубайларга үй куруу үчүн жер тилке бөлүп берген эле. Кийин аларга үй куруу үчүн атын атагысы келбеген кайрымдуу адамдардын бири 700 миң сом бөлүп берип, үйдүн курулуш иштери аяктаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ