Кечээ Ереванда Бажы Биримдигине кирген мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынында Казакстандын премьер-министри Сагинтаев, Кыргызстандагы аткезчиликтин, коррупциянын бетин ачты. Дал ушул көйгөйлүү маселени бир жыл мурун Текебаев Жогорку Кенеште көтөрүп чыккан.
Аткезчиликтин, коррупциянын тамырын кесели, депутаттык комиссия түзөлү деп сунуштаган. Бирок депутаттар анын сунушун колдогон эмес.
Текебаев Атамбаевдин “кандуу жүккө” тиешеси бар экендигин көтөрүп чыгарган. Ошентип Текебаевдин оозун басып, коррупциялык иштерди улантуу максатында Текебаевди шашылыш түрдө камап салган.
Булак: Chyndyk.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ