Menu

Жалал-Абад: Жаштардын тазалык акциясы өтүп жатат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында жаштардын «Таза шаар, таза коом» аталышындагы тазалык акциясы башталып, алгачкы эле күнү шаардагы 18 көчө, коомдук эс алуу жайлары тазаланды. Буга шаардагы окуу жайларынын студенттери, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, шаардыктар да катышышты. Бул тууралуу шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди.

Анын айтымында, бул өтүп жаткан акция шаар мэриясы тарабынан жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында уюштурулду. Эми бул акция апта бою улантылып, жалпы жаштарга карата шаарды сүйүүгө, анын өсүп-өнүгүшүнө салым кошууга чакырыктар ташталмакчы.

-Жаштар жумалыгынын алкагында күн сайын бирден иш-чара уюштурулат. Анда маданий-спорттук иш-чаралар да каралган. Жумалыктын биринчи күнүндө шаар тазалыгын колго алдык, жаштардын активдүүлүгү жогору. Бир эле күндө 18 көчө тазаланды, шаардагы ар бир окуу жайдан 50дөн студенттер келип катышышты. Алдыдагы күндөрдө эс алуучу парктарды, коомдук жайларды тазалоо иштери жүргүзүлөт. Жаштар жалгыз эмес экен, аларды колдоп шаардагы айрым мекеме-ишканалардын жамааттары жана шаар тургундары да бул акцияга катышып жатканы бизди кубандырат, – дейт ал.

Тазалык акциясынын катышуучусу, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Нарсулуу Кылычбек кызынын айтымында, мындай тазалык иш-чараларына мурда да катышып келген.

-“Жалал-Абад – жаштар шаары” деп айтылып келет. Демек, анын жакшы жактары бизге да таандык. Ошондуктан, биз жок дегенде шаарыбыздын тазалыгына өз салымыбызды кошуну туура көрдүк. Бул тазаланган жайларда өзүбүз эс алабыз, шаар тургундары эс алышат. Мындай иш-чаралар дайыма болуп турганы жакшы, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтому менен 10-17-ноябрь күндөрү шаарда жаштар жумалыгы жарыяланган. Бул аптанын алкагында жаштарды кызыктыруучу түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, 17-ноябрдагы студенттер күнүндө шаар борборунда майрамдык шоу иш-чаралары менен аяктайт.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: