14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы, тоолордо кар жаашы күтүлөт. 16-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, калган облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
17-18-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ