Menu

Өзбекстанда ири ГЭС курулат

Бөлүшүү:

Өзбекстан Борбор Азиядагы ири гидрообъектини – Пскем ГЭСин долбоорлоо ишин баштады.

Жергиликтүү ММКлар билдиргендей, Ташкент облусунун Бостанлык районундагы Пскем дарыясында жайгашкан гидроэлектростанция Чарвак ГЭСинен кийин эле кубаттуулугу жагынан экинчи орунда турат. Ал саатына 900 миллион киловатт электр кубатын өндүрүп чыгууга кудуреттүү болот.

Долбоордун жалпы наркы 800 миллион доллардан ашуун, мунун негизги бөлүгүн Өзбекстан өзү каржылайт. Мындан тышкары кытайлык Эксимбанктан 240 миллион доллар насыя алуу пландалууда.

“Узбекгидроэнерго” компаниясы жаңы станция Ташкент облусун электр кубаты менен камсыздоо менен бирге республика үчүн суу чарба багытында чоң мааниге ээ болорун билдирди.

Учурда Өзбекстанда 430дан ашуун дарыя бар. Жыл сайын республикада саатына 60 миллиард киловатт электр кубаты өндүрүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: