Menu

Сапар Исаков Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстоун менен жолугушту

Бөлүшүү:

10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Америка-Кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстоун менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Премьер-министр Томас Файерстоунга 2016-жылдын март айында АКШда жана 2017-жылдын июль айында Кыргыз Республикасында өткөн кыргыз-америкалык бизнес-форумдарын уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылдын сентябрь айындагы америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин негидөөчүлөрү менен жолугушуусун уюштуруудагы жогорку деңгээлин белгиледи.

Жолугушууда биргелешкен иш-чараларды пландаштыруу жана уюштуруу маселелери талкууланды. Сапар Исаков билдиргендей, Өкмөттүн келечектүү милдеттери катары «Жаңы доорго кырк кадам» программасын натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле санариптик трансформациялоо боюнча жогорку технологиялык долбоорлорду алга жылдыруу жана «Таза Коом» программасынын алкагында ачык-айкын мамлекетти куруу болуп саналат.

Буга байланыштуу Премьер-министр энергетика жана маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана аталган тармактарга америкалык инвесторлорду тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү баскыч катары кыргыз жана америкалык ишкерлер ортосундагы байланышты орнотуу эсептелет деп табышты.

Өз кезегинде Томас Файерстоун Кыргызстанды өткөрүлгөн президенттик шайлоо менен куттуктап, аларды өткөрүүдө жогорку технологиялардын пайдаланылышына жогору баа берди. «Өткөн шайлоо Кыргызстанда нукура демократиялык ачык-айкын шайлоолор өткөндүгүн ырастады жана Америка-Кыргыз ишкерлер кеңеши америкалык инвесторлорго Кыргызстан менен кызматташуунун артыкчылыктарын жеткирүүдө бардык күч-аракетин жумшайт». Ошондой эле ишкерлер кеңешинин төрагасы келечекте жемиштүү кызматташтык орун алаарына ишеним билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: