Ысык-Көл облусунда 2017-жылдын 13-ноябры күнү саат 7:00 чамасында кезектеги жол кырсыгы катталды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Балыкчы-Ананьева-Каракол автоунаа жолунда кетип бара жаткан “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, жол жээгиндеги даракты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен автоунаанын ичиндеги 3 адам каза болгон, учурда алардын аты-жөнү такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ