Казакстанда чек арачылар тийиштүү документтери жок өтө көп тамеки буюмдарын Россияга алып бараткан Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул туурасында Интерфакс билдирет.
“Карасу авто” көзөмөл-өткөрмө пунктунан 34 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды. Ал Кыргызстандан Россияга Mercedes-Benz автоунаасы менен өтө көп тамеки буюмдарын алып бара жаткан”, – деп билдиришкен Казакстандын чек ара кызматындагылар.
Унаанын ичинде 76 мөшөк чийки насвай жана филтрленген тамекинин 45 кутучасы бар экени, насвайдын жалпы салмагы 2200 килограммдан ашык экени дагы айтылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ