Menu

Алматыда ондогон көчө аталыштарын өзгөртүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Жалпысынан Алматынын эски бөлүгүндөгү жана кошулган аймактардагы ондогон көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү сунушталууда. Шаар бийлигинин расмий билдирүүсүндө чечим Алматы тургундарынын пикирин эске алуу менен шаардын ономастикалык комиссиясынын корутундусунун негизинде кабыл алынганы белгиленген.

Калаа башчынын тиешелүү токтому менен шаардык маслихаттын чечими тууралуу 13-ноябрда расмий казак басылмалары билдиришти. Аталышын өзгөртүү сунушталган көчөлөрдүн тизмеси «Ачык нормативдик-укуктук актылар» сайтына жарыяланды.

Шаардын айрым көчөлөрүнө Советтер Союзунун баатырлары Сагадат Нурмагамбетов менен Талгат Бигелдиновдун, сүрөтчү Сергей Калмыковдун, жазуучулар Герольд Белгер менен Чыңгыз Айтматовдун жана обончу Ермек Сергекбаевдин ысымдарын берүү сунушталууда. Маалыматка караганда, Алмалы аймагындагы 6-линия көчөсү Нурлы жол, Турксиб районундагы Парковый көчөсү Нур Алем, Акбулак кичи районундагы АЗТМ көчөсү Хан Шатыр аталыштарын алышы мүмкүн.

Андан тышкары бийлик көчөлөрдүн бири-бирин кайталаган аталыштарын дагы өзгөртүүнү сунуштоодо. «Ачык номативдик-укук актылар» сайтындагы маалыматка ылайык, көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү боюнча коомдук талкуулар 24-ноябрга чейин уланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: