Menu

Видео – Өзбекстанда район башчысы 45 мүнөттүк чогулушта 126 жолу адепсиз сөздөрдү айткан

Бөлүшүү:

«Азаттыктын» өзбек кызматына Ташкенттин Паркент районунун пахта штабынын 1-ноябрдагы чогулушу маалында жазылып алынган аудио файлды жөнөтүшкөн. Анда пахта талааларына жетиштүү адам жөнөтпөгөндүгү жана мамлекетке пахта тапшыруу боюнча туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн ишканалар менен уюмдардын жетекчилерин, ошондой эле маале аксакалдарын сөгүп жаткан район башчысы Нематулла Абдуллаевдин үнү жазылган.

Аудиожазуунун автору билдиргендей, чогулушта Нематулла Абдуллаев пахта тапшырууда туура эмес маалымат берилгендиги боюнча Бекабад районунун башчысына, прокуроруна жана милиция жетекчисине кылмыш иши козголгонун айтып, бул аны тынчсыздантып жатканын билдирген.

«Колледждер 1,5 тонна пахта тапшырганын жазып, чынында болгону 700 килограмм беришкен. Кечээ 3 тонна тапшырганыңарды айтып, бирок 700 гана килограмм бергенсиңер жалаптар», — деп сөккөн район акими колледж директорлорун.

​Андан соң район башчысы жыйынга катышып жаткан прокурор менен милиция башчысына кайрылып, пахта теримге жетиштүү адам чыгарбаган жана ак була тапшырууда туура эмес маалыматтарды берген уюм жетекчилеринин автоунааларын камакка алып, номурларын чечип алуу буйругун берди.

45 мүнөттүк аудиожазууда Абдуллаев чогулгандарга карата 126 жолу адепсиз сөздөрдү айткан. Бирок аткаминер бул маалыматтарды четке какты. “Мен пахта тапшыруу боюнча туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн аларды урушкандырмын. Эгер кимдир бирөөнү кемсинтсем, мени сотко берсин”, – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: