Өзгөн районунда жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак (Жаман-Адыр) участкасына турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Жарандарга жеңилдик кылуу максатында, 2017-жылдын 13-ноябры күнү Араван цемент заводунан КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун 1 оор жүк ташуучу унаасына 20 тонна цемент жүктөлүп, Өзгөн районуна жеткирилип берилди.
2017-жылдын 22-июнунан 13-ноябрына чейин жалпы 1832 тонна цемент жеткирилип берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ