15-ноябрда саат 9.00дөн 19.00гө чейин Бишкектин кээ бир райондорунда ичүүчү суу болбойт. Бул туурасында ПЭУ «Бишкекводоканалга» шилтеме берип мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Ага ылайык, авариялык-кайра куруу иштеринин жүргөндүгүнө байланыштуу Разаков көчөсүндө ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Разаков көчөсүнүн Орозбеков, Абдумомунов, Бөкөнбаев жана Эркиндик бульвары менен чектешкен жеринде жашаган жарандарды башкармалык суу менен камсызданып алуусун өтүнөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ