Ички иштер министри Улан Исраиловдун эптеп эле ысык жаны бар экен. Министр болуп, генерал чинин алууга келгени көрүнөт. Реформа түгүл эки тизгин, бир чылбырга ээ боло албай, таасирин Данияр Абдыкаровго тарттырып жиберип, кирди-чыкты карааны эле жүрөт. Жакында министр Сүйүн Өмүрзаков болот деген кептер айтылып жатат. Сүйүн мырза чечкиндүү эле, министр болуп калса Даниярды чүкөңдү алыс ойно дегенге чамасы жетээр бекен? Кылмыш-кырсык акыркы кездерде аябай өөрчүдү. Тизгиндей турган бирөө керек го акыры. Же ИИМ Абдыкааровдун караанынан коркуп, берчүлөрүн үйүнө жеткизип, министр баш болуп бүжүрөп отура беришеби?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ