Menu

Видео – Өзбекстанда кызын сабаган милиционерге кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Ташкент шаарында төрт жашар кызын аёосуз сабаган атанын үстүнөн кылмыш иши козголду. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы тийиштүү булактарга таянып кабарлагандай, ал Мирабад райондук милициясынын кызматкери экени аныкталды.

Өткөн жумада атасы 4 жаштагы кызын сабап жаткан видеожазуу социалдык түйүндөрдө тараган. Үрөйдү учурган окуя Ташкент шаарынын Чиланзар районунда болгон.

“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, катуу сабалган кыздын аты Мумина. Анын атасы Мирабад райондук милиция кызматкери экени аныкталды. Бирок бул окуя коомчулуктун кеңири катмарына белгилүү болгон соң жумуштан бошотулган.

31 жаштагы кишиге карата Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча иш козголду. Учурда аны камакка алуу маселеси каралууда.

​9-ноябрда Чиланзар райондук соту 4 жаштагы Муминаны жана анын 8 жаштагы агасын апасына берүү чечимин чыгаран. Кыздын ата-энеси расмий түрдө ажырашышкан эмес.

Тасмада эркек киши кичинекей кызын бир нече мүнөт аёосуз сабап, акарат келтирген. “Эй илээнди, сенин мага керегиң жок. Энең эки жылдан бери Түркияда иштеп жүрөт. Эми сага ит көрбөгөн турмушту көрсөтөм. Качан кетесиң? Буюмдарыңды жыйна! Үйүмдөн чыгып кет”, – деп кыйкырган ал. Видеону кызды токмоктоп жаткан атасы өзү тарткан.

Кыздын апасы эки жыл Түркияда иштеп жүрүп, октябрда кайтып келген. Ал балдарын күйөөсүнөн алуу үчүн сотко кайрылган.

Баланы тарбиялоо максатында сабаганга болобу? “Озодликтин” сурамжылоосу:

https://www.youtube.com/watch?v=qNUWXOmkLyI&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: