Башкы прокуратура 36,7 миллион сомго автомобиль сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталына жарыяланды. Тендер эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө 15,7 миллион сомго 25 машина сатылып алынат, кийин 21 миллион сомго 21 унаа алынат. Башкы прокуратура мамлекеттик сатып алуу мыйзамын бузуп, унаалардын узундугу, кенендиги жана башка талаптарды так жазган. Башкы прокурор Индира Жолдубаева машинасы жок аябай жүдөгөн көрүнөт. Кол алдындагы кызматкерлер дагы жөө калып, иштегенге шарты жок кыйналышкандай. Натыйжада акчанын көзүнө карабай кенен, ыңгайлуу машина алалы, бир келген өмүрдү кор кылбай деген чечимге келишсе керек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ