“Быйыл техникалык тейлөө кызматчылары менен кенже тейлөө кызматчыларынын эмгек акысын көтөрүүнүн 3 жылдык программасына ылайык, быйыл бул багытта 335 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде 2018-жылдын республикалык бюджетинин долбоору каралып жатканда белгилүү болду”, – деп маалымдайт Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, техникалык тейлөө кызматчылары менен кенже тейлөө кызматчыларынын маянасын көбөйтүү үчүн келерки жылы 1 млрд сом көлөмүндө каралууда. Ал 2018-жылдын бюджетинде мугалимдер менен дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга каражат каралбаганын, ошондой эле, мыйзамда белгиленгендей, сот тармагына да 2 пайыз өлчөмүндө каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ